Кыргызстан өкүлдөрү Тажикстандагы шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда
02 марта 2025
2025-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров, БШКнын мүчөсү Анар Дубанбаева, БШКынын аппаратынын кызматкерлери КМШ жана ШКУ байкоочулар миссияларынын курамында, Тажикстан Республикасынын Мажлисинин Оли Мажлисинин шайлоосуна катышууда.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары эл аралык байкоочулар миссияларынын курамына киришти:
Бактыбек Марипов - КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы (МПА СНГ). Нилуфар Алимжанова - ЖККУ Парламенттик ассамблеясы (ПА ОДКБ).
Кыргыз Республикасынын БШКнын делегациясы Тажикстан Республикасынын БШКнын төрагасы Худоёрзода Бахтиёр Тавар менен жолугушту. Жолугушууда Тажикстан Республикасынын БШКнын төрагасы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын иши, жаштардын шайлоого активдүү катышуусу жана шайлоочуларды маалымат менен камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Тажикстан Мажлисинин шайлоосунда жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгилеп, шайлоо кампаниясынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Байкоочулар бир катар шайлоо участокторуна барышты. Делегация мүчөлөрү шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жергиликтүү байкоочулар менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Шайлоочулардын тизмесине 5 миллион 522 миң 88 адам киргизилген.
Тажикстан боюнча 41 округдук жана 3549 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн, анын ичинде 28 мамлекеттеги Тажикстандын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүндө 36 шайлоо участогу уюштурулган.
Шайлоого мониторинг жүргүзүүгө 229 эл аралык байкоочу аккредитацияланган.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 4-декабрында Тажикстан Республикасынын Президенти Мажлиси Оли Мажлиси депутаттарын шайлоону 2025-жылдын 2-мартына белгилеген.
Мажлиси Оли Мажлиси курамында 63 депутат бар, алардын ичинде:
- 22 пропорционалдык система боюнча,
- 41 бир мандаттуу округдар боюнча шайланат.
Депутаттык мандаттардын бөлүштүрүлүшүнө шайлоочулардын жалпы добушунун 5%дан кем эмес добушун алган партияларга гана жол берилет.
Пропорционалдык система боюнча төмөнкү партиялар талапкерлерин көрсөтүшкөн:
-Тажикстан Агрардык партиясы – 13 талапкер,
-Тажикстан Экономикалык реформалар партиясы – 13 талапкер,
-Тажикстан Социалисттик партиясы – 6 талапкер,
-Тажикстан Демократиялык партиясы – 4 талапкер,
-Тажикстан Элдик-демократиялык партиясы – 28 талапкер,
-Тажикстан Коммунисттик партиясы – 6 талапкер.
Бир мандаттуу шайлоо округдарында 152 талапкер катталган, алардын 81 өз алдынча талапкерлигин көрсөткөн.






























