КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча делегациясы менен жолугушту
26 февраля 2025
26-февралда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Прламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган делегация менен жолугушту.
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстанда жүргүзүлгөн шайлоо реформалары тууралуу кенен баяндама жасады. Ал 2015-жылга чейин Кыргызстанда шайлоо кандай өткөрүлгөнүн, анын ичинде шайлоо бюллетендерин даярдоо, жеткирүү жана коргоо процесстери тууралуу кеңири айтып берип, 2015-жылдан тартып шайлоо системасында 5 негизги компонентти камтыган шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуулар колдонула баштагандыгына токтолду.
2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда, мурунку 5 компонентти алмаштырган жаңы жабдуулар — бирдиктүү идентификатор колдонулган. Бул - шайлоо процессинин ачыктыгын жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түздү жана аталган жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Ошондой эле, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Евро Парламенттин депутаттарын жана Европа өлкөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн Кыргызстанга келип, шайлоо процесстеринде заманбап технологияларды колдонуу боюнча өлкөнүн жетишкендиктери менен таанышууга чакырды.
Төрага Т.Шайназаров, айрым өлкөлөрдө азыркыга чейин почта аркылуу добуш берүү колдонулуп жатканын жана бул шайлоо процесстерин бурмалоо, ачык-айкындуулугу жана ишенимдүүлүгү боюнча белгилүү бир тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Аны менен бирге Кыргызстан олуттуу реформаларды башынан өткөргөнүн баса белгилеп: эгер мурун өлкөдө шайлоо процессинде бюллетендерди таштоо, «карусель» жана башка айла-амалдар менен коштолсо, бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин колдоосу жана заманбап технологияларды киргизүүнүн аркасында шайлоолор «Бир шайлоочу — бир добуш» принциби менен өтүп жатканын айтты.
Өз кезегинде Евро Парламенттин депутаты Игнасио Санчес Амор шаардык кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон Т.Султанбековдун жана башка партиянын мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча маселе көтөрүп, ага БШК төрагасы Т.Шайназаров шайлоо учурунда БШК мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү менен иш алып барганын белгиледи.
Ага ылайык, укук коргоо органдарынын берген маалыматы боюнча шайлоочуларды массалык түрдө пара менен сатып алуу, каржылык тартипти бузуу, шайлоо фондусунан тышкары каражат менен каржылоонун фактылары аныкталган. Мындан тышкары, партиялык тизмеде биринчи ондука кирүү үчүн акча алуу фактылары да табылган.
Жолугушуунун аягында, төрага Тынчтык Шайназаров Европа Парламенттин делегациясына конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирди.

