КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүүнү аяктады

21 февраля 2025

2025-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 52 аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин бекитти.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында республика боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамын түзүү тууралуу билдирүү жарыяланган. Кошумчалай кетсек, билдирүү өлкөдөгү 70тен ашык саясий партияларга жөнөтүлгөн.

Натыйжада, аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервдерине 1234 документ келип түштү. Анын 166сы 36 саясий партиялар тарабынан, ал эми 1068и жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген.

Ар бир талапкер боюнча «Түндүк» ведомстволор аралык байланыш системасы аркылуу «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобого ылайык соттуулугуна текшерүү жүргүзүлдү.

Тапшырылган талапкерлердин маалыматтары, ошондой эле терс негиздер боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдардын тизмесинде бар/жок экендиги текшерилди. Тиркеме 5