КР БШКнын төрагасы менен ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын өкүлдөрүнүн онлайн жолугушуусу болуп өттү
20 февраля 2025
2025-жылдын 19-февралы күнү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.У.Шайназаров ЕККУнун (Европалык коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму) Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын саясий кеңешчиси Петер Надерер менен онлайн жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын юридикалык кеңешчиси Эльжбета Кузборска, ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы долбоорлорду координациялоочу ассистенти Гульжан Ермекбаева, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендер Гайпкулов жана БШКнын аппарат кызматкерлери катышты.
Жолугушуу учурунда БШКнын төрагасы шайлоо мыйзамын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде Петер Надерер ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын ишмердүүлүгү, анын артыкчылыктуу багыттары жана этникалык чыңалууларды алдын алуу боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча кызматташтык тууралуу айтып берди.
Жолугушуу соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашты.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын Конституциясында улутуна жана башка таандыктарга карабастан өлкөнүн бардык жарандары үчүн бирдей шайлоо укугу принциби каралган.
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо мыйзамында пропорционалдык система боюнча талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партиялар 15% га жакын этникалык түрдүүлүгү бар талапкерлерди эске алууга милдеттүү, алардан кеминде 3 талапкер биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар курамында этникалык топтордун өкүлдөрү 95,45% - кыргыздар, 4,55% - башка улуттар түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын составында 89,10% - кыргыздар, 10,9% - башка улуттардан.
Ар кандай улуттардын өкүлдөрү жер-жерлерде этникалык топтордун жайгашуу өзгөчөлүктөрүнө жараша бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларына кеңири киргизилген.







