КР БШКнын жыйыны болуп, анын жүрүшүндө төрага орун басары шайланды
11 февраля 2025
2025-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде БШКнын төрага орун басарын шайлоо маселеси каралды.
Ачык добуш берүү жыйынтыгы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары болуп Жупуева Айдана Садыковна шайланды.
Айдана Жупуева ишеним көрсөткөн кесиптештерине ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү шайлоо процессин жакшыртуу боюнча дагы да натыйжалуу иштөө маанилүүлүгүн белгиледи..
Жупуева Айдана Садыковнанын өмүр баяны
Жупуева Айдана Садыковна 1977-жылы 4-мартта, Ош облусунун, Алай районунун, Көлдүк айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (КГНУ), экономикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2025-жылдын 11-февралынан баштап Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
2021-2025 жж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2020-2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти;
2017-2020-жж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын документтерди камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2016-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2014-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин вице-спикеринин консультанты;
2011-2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү;
2008-2012-жж. – Ош мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана экономикалык талдоо кафедрасынын улук окутуучусу;
2001-2008-жж. – Ош технологиялык университетинин окутуучусу.

