Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди келе жаткан жаңы 2025-жылыңыздар менен куттуктайт!
31 декабря 2024
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы чын жүрөктөн куттуктайт!
2025-жыл элибиз үчүн ынтымактын жана жаратмандыктын, өлкөбүз үчүн тынчтыктын жана өнүгүүнүн жылы болсун!
Сиздерге жана үй-бүлѳңүздѳргѳ бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайбыз!

