Бишкекте мониторинг боюнча атайын түзүлгөн Коомдук байкоочу кеңеш тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнүн алгачкы тажрыйбасы талкууланды

20 декабря 2024

Бүгүн, 19-декабрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасындагы IFES эл аралык шайлоо системалары фонду менен биргеликте “2024-жылдын 17-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоодо социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча кеңештин биринчи тажрыйбасы” деген темада тегерек стол өткөрдү.

Иш-чарага КР БШКнын, социалдык тармактарга шайлоо мезгилинде мониторинг жүргүзүү боюнча кеңештин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын, мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын, Кыргызстан журналистер бирлигинин, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин ѳкүлдѳрү, медиа-эксперттер, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны ачып жатып, БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова КР БШК шайлоо учурунда жарандарды маалымдоо процессинде социалдык тармактардын маанилүү ролун түшүнүү менен, шайлоо мезгилинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү үчүн медиа тармагындагы белгилүү жана абройлуу эксперттердин катышуусунда көз карандысыз коомдук консультациялык-кеңеш берүү институтун түзүү демилгесин көтөргѳндүгүн белгиледи. Практика көрсөткөндөй, саясий партиялар үгүт иштерин социалдык түйүндөрдө жүргүзүүнү артык көрүшөт, анткени бул жол менен алар шайлоочулардын кеңири чөйрөсүнө өз программалары тууралуу маалыматты түз жана онлайн жеткире алышат. Бирок өткөн шайлоолор дал ушул социалдык түйүндөр оппоненттердин жана атаандаштардын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка дал келбеген маалыматтар тараган жайга айланганын көрсөттү.

Өз кезегинде БШК ар кандай деңгээлдеги шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүнүн негизги принциптерин белгилеген Меморандумга кол коюу тажрыйбасын көптөн бери колдонуп келет. 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо биринчи жолу Гуманитардык диалог борбору (Австрия) баяндамасын сунуштаган эл аралык тажрыйбанын негизинде мындай Меморандумда өзүнчө бөлүм камтылган, ал социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин жөнгө салат. Ошентип, бул эрежелерге ылайык, партиялар социалдык түйүндөрдө чыныгы жана расмий аккаунттарды гана колдонууга, өз талапкерлерин кѳтѳрмѳлѳѳ үчүн фейк аккаунттарды же жасалма тармактарды колдонуудан алыс болууга, ошондой эле саясий оппоненттери жана шайлоо процесси тууралуу жалган маалыматтарды таркатпоого, ошондой эле Интернетке жарыялоодон мурун бардык маалыматтын тууралыгын кылдаттык менен текшерүүгѳ макул экендиктерин билдиришет.

Андыктан көз карандысыз эксперттер Меморандумга кол койгон партиялар тарабынан ошол эрежелердин сакташына калыс мониторинг жүргүзүүсү маанилүү болчу. Жалпысынан шайлоо учурунда маалыматтык чөйрөнү жакшыртуу үчүн БШК 2020-жылдан бери Фейсбук менен ѳз ара аракеттенип, тигил же бул шайлоолорго катышкан бардык талапкерлер боюнча маалыматтарды берип келет. Фейсбуктун партияларды саясий жарнак таратуучусу катары аныктоодо көп учурда партияларды дүйнөлүк платформанын ички эрежелерин сактоого, чынчыл, этикалык үгүт иштерин жүргүзүүгө жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга жол бербөөгө жетиштүүсүнѳ кыйла деңгээлде кѳмѳк кѳрсѳтѳ алды. БШКнын төрагасы үстүбүздөгү жылдын ноябрында Facebookтун (Meta) өкүлү менен болгон жолугушууда Мета Фейсбук платформасында таза шайлоону камсыз кылууда шайлоо комиссияларына колдоо көрсөтүүгө багытталган ички саясатты жүргүзүп жатканы айтылганын баса белгиледи. Ал эми бул жерде жарнак китепканасы маанилүү роль ойнойт, мында саясий жарнактар ​​талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу аккаунттарынан жайгаштырылат жана каржылоо, анын ичинде каражат булактары жөнүндө маалыматтар жазылат.

БШК үчүн Facebook, Tik Tok сыяктуу глобалдык социалдык тармактык платформалар менен өз ара аракеттенүүсү маанилүү, анткени алардын ички эрежелери ѳздѳрүнүн тармактарынын өлкөлөрдөгү кырдаалга, өзгөчө шайлоо учурундагы татаал жана ошол эле учурда саясий күчтөрдүн ортосунда кандайдыр бир карама-каршылыктар орун алган маанилүү саясий процесске зыяндуу таасиринин тобокелдиктерин азайтууга мүмкүндүк берет.

«Ошондуктан, Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн Социалдык тармактарды көзөмөлдөө кеңешинин алгачкы тажрыйбасы маанилүү. Эгерде республикалык деңгээлдеги шайлоолордо социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт иштерине жарандык көзөмөл жүргүзүүнүн таасирдүү ѳбѳлгѳлѳрүн түзүүгө мүмкүн болсо, бул шайлоо мезгилиндеги коомдук ынтымакты бекемдөөгө жана туруктуулукту арттырууга жакшы негиз болуп калат», - деп жыйынтыктады Н.Шайлдабекова.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын ѳткѳн шайлоодо Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча кеңештин ишинин жыйынтыгы менен тааныштырып жатып, Кеңештин жетекчиси, медиа-эксперти Элмира Токтогулова Кеңеш жалпыга маалымдоо каражаттарынын, журналисттик бирикмелердин, медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 15 адамдан турганын, ошондой эле блоггерлерди жана университеттин мугалимдерин камтыгандыгын белгиледи. Шайлоонун жүрүшүндө Кеңеш 6 отурум өткөрдү. Анын айтымында, Кеңештин мүчөлөрү шайлоо процессине катышкан 39 саясий партия кол койгон меморандумдун нормаларын сактоо боюнча социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүштү. Жалпысынан Кеңеш Facebook, Instagram жана Telegram тармактарында жайгаштырылган 50дөн ашык маалыматтык материалдарды талдады.

Партиялардын, талапкерлердин, партиялардын өкүлдөрүнүн жана мүчөлөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана блоггерлердин, топтордун аккаунттары, ошондой эле катардагы колдонуучулар тарабынан шайлоо темасында түзүлгөн контент (мыйзам бузуулар болушу мүмкүн болгон учурларда гана) мониторингдин объектилери болду.

Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча кеңеш меморандумдун социалдык тармактарда үгүт жүргүзүү боюнча жоболорун бузуу фактыларын карап чыгып, БШКнын маалымат жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобуна тапшырды.

Шайлоо алдындагы өнөктүктүн жүрүшүндѳ социалдык тармактарда колдонуучулар тарабынан бир катар талапкерлерге жана партияларга карата жынысына жана курагына карата кастык маанайдагы сөздөр айтылып, талапкерлер менен партиялардын беделине шек келтирген фактылар жайылтылгандыгы Кеңеш тарабынан каттоого алынган. Талапкерлер тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууга, алсак шайлоо мезгилинде кызматтык абалынан пайдаланууга жол берилген. Тийиштүү фактылардын негизинде Кеңеш партияларга жана БШКнын жумушчу тобуна мындан ары ыкчам чара кѳрүү боюнча кабарлаган.

Жыйынтыктарды чыгарып, иш-чаранын катышуучулары жалпысынан саясий партиялар жана талапкерлер шайлоочулар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн социалдык түйүндөрдүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонушпайт деген тыянакка келишти. Көптөгөн партиялар шайлоочуларга маалымат берүү жана алар менен баарлашуу үчүн ѳздѳрүнүн расмий аккаунттарын колдонушпайт. Айрымдары башкаларды жээрип, шайлоо алдындагы материалдарды жарыялоо менен чектелип, бир гана байланыш каналын колдонушат. Саясий партиялардын айрым аккаунттары колдонуучу аккаунт катары катталган, көпчүлүк аккаунттар текшерилген эмес.

Келечекте сунуш катары иш-чаранын катышуучулары шайлоолор аралыгындагы мезгилде партия мүчөлөрүн жана тарапташтарын шайлоо алдындагы процессте үгүт жана маалымат жүргүзүүнүн эрежелерине, ошондой эле контент менен иштөөгө жана интернет мейкиндигиндеги өзгөрүүлөргө ыкчам ылайыкташууга үйрөтүүнү сунушташты. Социалдык түйүндөрдө партия жана анын талапкерлери тууралуу сөз болуп жатканына байкоо салып, терс билдирүүлөргө таасирдүү жооп берип, туура маалымат аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Шайлоо ѳнѳктүгүнүн ийгилигине баа берүү үчүн социалдык медианын метрикасын, анын ичинде камтуулардын, тартуулардын (лайктар, комментарийлер, репостор) жана шилтемелерге ѳтүүнүн санын кошкондо, колдонуу сунушталат,

Ошондой эле шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн керектүү аудитория арасында ишенимге ээ болгон санариптик контентти жаратуучулар жана пикир лидерлери менен кызматташуу маанилүү.

Бирок улуттук деңгээлдеги шайлоолордо (парламенттик жана президенттик) кырдаал башкача болот. Андыктан Кеңеш үгүт жүргүзүү эрежелери сакталышы жана социалдык тармактарда маалымат чөйрөсү туруктуу болушу үчүн мониторингди кантип жакшыртуу керектигин талкуулады.