КР Борбордук шайлоо комиссиясы Дж.Д.Нышановго Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды

16 декабря 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 16-декабрдагы жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Нышанов Джайлообай Данибаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.