КР БШКнын өкүлдөрү Санкт-Петербург шаарында өткөн “КМШда шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнүн 30 жылдыгы: тажрыйба жана практикалык жыйынтыктар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
24 ноября 2024
2024-жылдын 21-22-ноябрында КР БШКнын төрагасынын орун басары Н.Койчукеев “КМШда шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнүн 30 жылдыгы: тажрыйба жана практикалык жыйынтыктар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга жана КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын элүү жетинчи пленардык жыйынына катышты.
Конференцияны КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясы уюштурду. Конференцияга КМШ ПААга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин депутаттары жана өкүлдөрү; чет мамлекеттердин шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
Конференциянын алкагында “Шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоо жүргүзүү жана жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин коргоо” жана “Шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык жана коомдук байкоо жүргүзүү” панелдик талкуулар болду.
«Шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык жана коомдук байкоо жүргүзүү» панелдик талкуусунда сөз сүйлөгөн Н.Койчукеев эл аралык жана коомдук байкоочулардын Кыргыз Республикасындагы шайлоонун жаңы технологияларын колдонуусуна берген баалары тууралуу баяндады. Кыргызстандын шайлоо системасын модернизациялоо аракетин эл аралык байкоочулар жогору баалап, заманбап жабдууларды колдонуу шайлоо процессине ишенимди бекемдеп, Кыргызстан региондогу мамлекеттерге үлгү болоорун белгилешти.
«Эл аралык байкоо улуттук эгемендүүлүктү урматтоо, ачыктык, айкындуулук жана бейтараптуулук принциптерине негизделиши керек. Эл аралык байкоочу судья болуп саналбайт, ал шайлоонун мыйзамдуулугун расмий тастыктоо үчүн чакырылган тиешелүү улуттук мамлекеттик органдарды алмаштыра албайт. Ушул позицияларды биз ар дайым жана так карманабыз», - деп белгиледи КМШ ПАА Кеңешинин Төрагасы, РФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрагасы Валентина Матвиенко өз куттуктоосунда.
КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары – КМШ ПАА ИИМРДнын директору Иван Маскет белгилегендей: «Быйыл КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоо жүргүзүүгѳ 30 жыл толот. Шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жүргүзүүнү баштаган КМШнын биринчи уставдык органы КМШ ПАА болду, анын байкоочулары Шериктештиктин чегинде жана андан тышкары 158 шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жүргүзүүгө катышкан».
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тажрыйба алмашуунун жана шайлоолорго эл аралык байкоону мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген резолюциянын долбоорун жактырышты.
КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин юбилейлик жыйынына КР БШКнын өкүлдөрү да катышты.