КР БШК: Добуш бергенге үлгүрүңүз!
17 ноября 2024
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларга эскертет, өлкөнүн бардык аймактарындагы шайлоо участкалары саат 20:00дө жабыларын.
2024-жылдын 17-ноябры саат 18:00гө карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо конституциялык укугунан 969 787 шайлоочу пайдаланып, бул жалпы катталган шайлоочулардын 23,45% түздү.

