КР БШКнын ЫЧКТ: шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 49 бузуулар боюнча маалымат келип түшкөн

17 ноября 2024

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бүгүнкү күнгө чейин КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 49 бузуулар фактысы боюнча маалымат келип түшкөн, деп билдирди БШКнын төрагасынын орун басары жана КР БШКнын ЫЧКТ жетекчиси Т.Шайназаров.

Келип түшкөн арыздар, кайрылуулар жана билдирүүлѳр боюнча статистика төмөнкүдөй:

• шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу – 17,

• талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу – 6;

• административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу – 2,

• талапкерлердин шайлоо фонддоруна байланыштуу мыйзам бузуулар – 2,

• шайлоочулардын добуштарын сатып алуунун мүмкүн болушу – 9,

• шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу – 2,

талапкерлерди каттоонубузуу/каттоону жокко чыгаруу – 6,

• башка бузуулар – 5.

Бузуулардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 17, Ош облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 16, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 1 бузуу фактылары катталган.

Мыйзамга ылайык бардык бузуулар боюнча чаралар көрүлдү. Тактап айтканда, 11 айып пул салынып, талапкерлерге же саясий партияларга 11 эскертүү берилген, такталбаган 20 уаук бузуу фактысы аныкталып, 4 кылмыш иши козголгон. Саясий партиялардын 1 каттоосу жана аймактык шайлоо комиссияларынын 4 чечими жокко чыгарылган.