Эл аралык жана коомдук байкоочуларга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти

16 ноября 2024

17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова шайлоонун жүрүшүнө көз салуучу эл аралык жана коомдук байкоочулар менен жолугушуу өткөрүп, анда ал 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү” деген презентация менен баяндама жасады.

Н.Шайлдабекова бул шайлоолор өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын этаптарынын бири катары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын оптималдаштыруу максатында өтүп жатканын белгиледи: “Кыргызстандагы административдик-аймактык реформа жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бүтүндөй системасын өзгөртүүгө багытталган. Үстүбүздөгү жылдын август-сентябрь айларында анын аткаруу бийлигин оптималдаштыруу жүргүзүлгѳн эле, эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын оптималдаштыруу зарыл».

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында административдик-аймактык бирдиктердин саны 484төн (32 шаар жана 452 айыл аймагы) 264кө (33 шаар жана 231 айыл аймагы) чейин өзгөрдү. Мына ушул өзгөртүүлөрдүн, ошондой эле жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана аймактарды башкаруунун түзүмүндөгү өзгөртүүлөрдүн негизинде 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана 17-ноябрдажаңы чакырылыштагы шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлык чыгарган.

Байкоочуларга депутаттарды шайлоо тартиби жалпысынан өзгөрбөгөндүгү тууралуу маалымат берилди: шаардык кеңештердин депутаттары (993 мандат) партиялык тизме боюнча пропорционалдык система боюнча, айылдык кеңештердин депутаттары (5391 мандат) – мажоритардык система боюнча бир мандаттуу округдар боюнча шайланат. Аялдардын саясий шайлоо процессине катышуусун күчөтүү үчүн кабыл алынган атайын мыйзамдык чара катары мандаттын 30% кем эмеси аялдар үчүн сакталат.

КР БШКнын төрагасы белгилегендей, Кыргызстанда 10 жылдан бери шайлоо реформасы жүрүп жатат. 2015-жылдан бери өлкөдө шайлоочуларды каттоонун жана шайлоочулардын тизмесиндеги фальсификациянын ар кандай түрүн жоюуга багытталган ѳзгѳчѳ жаңы шайлоо модели колдонулууда.

Бул модель башынан эле өзүн ийгиликтүү кѳрсѳтѳ алды жана азыркы учурда көп кырдуу шайлоо процессинин алкагында башка милдеттер этап-этабы менен чечилүүдө.

Кыргызстанда 2015-жылдан бери шайлоо реформасынын алкагында Калктын бирдиктүү электрондук реестринин негизинде шайлоочулардын тизмелерин автоматташтырылган түзүү системасы ишке киргизилген. 18 жаштан жогорку бардык жарандардын маалыматтары автоматтык түрдө реестрден алынып, шайлоочулардын тизмелери түзүлөт. Учурда дээрлик бардык шайлоочулар биометрикалык каттоодон өтүштү. Бардык шайлоочулардын тизмелери Tizme.kg платформасында жайгаштырылган, анда ар бир жаран өзүнүн маалыматтарын жана ѳздѳрү бекитилген шайлоо участогу тууралуу маалыматты таба алат. Кошумчаколл борбору иштеп турат, ал жерде кошумча маалымат алуу үчүн 1255 жана 119 номерлерине чалууга болот. Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 135 миң 39 адамды түзсө, анын 43 пайыздан ашыгын 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар түзөт (жаштар жѳнүндѳ мыйзамга ылайык). Жаш шайлоочулардын мындай олуттуу бөлүгү алардын өлкөнүн саясий турмушуна катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп турат.

Азыркы шайлоолор ѳтѳ технологиялуу, биринчи жолу талапкерлердин жана саясий партиялардын маалыматтарын текшерүү үчүн заманбап санариптик технологиялар колдонулууда.Талапкерлер адам факторунун таасирин минималдаштыруучу автоматташтырылган ыкманы колдонуу менен мыйзам талаптарына алардын шайкештиги текшерилет. Бул ачык жана инклюзивдүү каттоо процессин камсыз кылууга жардам берет. Текшерүү "Электрондук талапкер" системасы менен мамлекеттик реестрлердин ортосунда маалымат алмашуу аркылуу жүргүзүлөт.Мындай интеграция талапкерлерди каттоо процессинде чыр-чатактарды дээрлик толугу менен жок кылууга мүмкүндүк берет. «Электрондук талапкер» системасы документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырганга чейин маалыматтарды алдын ала текшерүүнү камсыз кылат. Талапкер маалыматтарын системага өз алдынча киргизет, ал документтердеги мүмкүн болгон көйгөйлөр жөнүндө кабарлайт жана ага керектүү маалыматтарды тез арада жаңыртууга же толуктоого мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү колдонулат. Добуш берүүнүн бул түрү ички мигранттар катталган жери боюнча добуш бере албаса, шайлоого катышууга жардам бериши керек. Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участкасыачык: ар бир облустун борборунда жана 4 участка Бишкек шаарында болот. Аталган шайлоо участкаларындагы добуштар туруктуу катталган жери боюнча эсептелет. Аралыктан добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесинде 9050 адам бар.

Кыргызстанда алдыдагы шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында үч негизги багытта иш жүргүзүлдү:

1. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр.

Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү төрт жылдан беш жылга чейин көбөйтүлдү, бул өкүлчүлүктүү органдардын ишинин туруктуулугун камсыздоого багытталган. Саясий партиялар үчүн мандатты бөлүштүрүүгө жетүү босогосу 7%дан 5%га чейин төмөндөтүлдү, бул жергиликтүү бийликтердин өкүлчүлүктүү курамын түзүүгө көбүрөөк партиялардын катышуусуна шарт түзөт.

2. Жарандык билим берүү. Түшүндүрүү иш-чаралары бардык шайлоочулар сыяктуу эле, ошондой эле айрым категорияларга, анын ичинде аялдарга, жаштарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле комиссия мүчөлөрүнө жана байкоочуларга жүргүзүлдү.

3. Технологияларды модернизациялоо. Программалар жана техникалык бөлүктөр жаңыртылды. Технология модели эки компоненттен турат:

• Биометрикалык каттоо жана идентификациялоо аркылуу шайлоочуларды эсепке алуу.

• Добуштарды эсепке алуу, шайлоо бюллетендерин автоматтык түрдө сканерлөө мененнатыйжаларды веб-сайтта жарыялоо менен камсыз кылынат.

Шайлоочуларды идентификациялоонун заманбап аппараттары паспорттун бардык түрү: ID-карталар, чет өлкөлүк жана электрондук паспорттор менен иштѳѳнү камсыз кылатИдентификациядан ийгиликтүү өткөндөн кийин шайлоочу жеке маалыматтары, шайлоочулардын тизмесиндеги номери жана шайлоо бюллетени жазылган чекти алат. Жолугушуунун катышуучуларына жаңы шайлоо жабдууларынын иштеши көрсөтүлдү.

Бул шайлоонун өзгөчөлүгү бардык шайлоо участкалары видеокамералар менен жабдылышы болот. Аралыктан добуш берүү үчүн участкаларда видео БШКнын маалымат борборуна онлайн режиминде көрсөтүлүп, башка шайлоо участкаларында жаздырып алынат.

Ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн БШК арыздардын жана кайрылуулардын реестрин түздү.Бардык даттануулар келип түшкөн күнүн, шайлоо комиссияларынын, укук коргоо органдарынын же сот органдарынын чечимин көрсөтүү менен катталат. Талапкерлер арыздарынын абалын көзөмөлдөй алышат. Эгерде даттануу укук коргоо органдарынын компетенциясына кирсе, ал ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) өткөрүп берилет, ал бузууларды натыйжалуукароону жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарды маалымдоону камсыз кылат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн колдоо көрсөтүүлөр, анын ичинде Брайль шрифиндеги бюллетендер жана трафареттер бар. Участкаларалардын муктаждыктарына жараша жабдылган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДМЧА) катышуусун камсыздоо маселелери дайыма көңүл борборунда турууда. Алардын добуш берүүгө катышуусун колдоого багытталган көптөгөн мыйзам кормалары бар.

Жыйындын соңунда КР Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы бүгүнкү күндө Кыргызстандын шайлоо системасында коомчулук тарабынан шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү үчүн бардык инструменттер калыптанып, ачык жана кѳз карандысыз байкоо жүргүзүү үчүн шарттар түзүлгөндүгүн баса белгиледиБайкоочулар алдыңкы технологиялардын кеңири колдонулушуна, фото/видео жазууга, ачык-айкын добуш берүү процессине, бюллетендерди ачык саноого күбө боло алышат. Ушунун баары өлкө жетекчилигинин ачык жана айкын шайлоо саясатына, жарандардын эркин билдирүүсүнө, эл аралык стандарттарды сактоого, таза саясий атаандаштыкка берилгендигинин так позициясынын аркасында мүмкүн болду.

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 54 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү.

10 өлкөнүн: Азербайжандын, Беларусиянын, Грузиянын, Индиянын, Казакстандын, Молдованын, Монголиянын, Россиянын, Түркиянын, Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиялары ѳздѳрүнүн эл аралык байкоочуларын жиберүү каалоосун билдиришти.

Он өлкөнүн, анын ичинде Азербайжандын, Беларусиянын, Грузиянын, Индиянын, Казакстандын, Молдованын, Монголиянын, Россиянын, Түркиянын жана Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиялары өз өкүлдөрүн жѳнѳтүшкѳн. Шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы (A-WEB), Ханнс Зайдель Фонду, Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ), Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ), ЕБнин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Улуу Британиянын, Ирандын, Кытайдын, АКШнын, Швейцариянын, Россиянын жана Япониянын элчиликтери да байкоо жүргүзүүгѳ катышат.