КР БШК эскертет: шайлоочулардын тизмесинен өзүңөрдүн маалыматтарыңарды кантип тактоого жана өзүңөрдүн шайлоо участкаңарды кантип табууга болот

15 ноября 2024

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмелеринен өзүңөрдүн маалыматтарыңарды текшерүүнүн, ошондой эле 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо участкасынын даректерин тактоонун жеткиликтүү ыкмалары жөнүндө жарандарга маалымдайт.

Жарандар төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышат:

1255 акысыз кыска номери боюнча КР БШКнын колл-борборуна чалуу.

119 акысыз кыска номерине чалуу. Эгерде участканын дарегин гана билүү керек болсо, ушул номерге SMS форматында өзүңдүн ИННди жөнөтүү жетиштүү болот.

Кандай гана болбосун шайлоо участкасына жеке кайрылуу.

tizme.gov.kg/ сайтында маалыматтарды текшерүү.

 КР БШКнын shailoo.gov.kg расмий сайтын пайдалануу.

Жашоочулар шайлоо участкаларынын даректерин кошумча 2ГИС тиркемесинен тактай алышат:

Бишкек үчүн бардык участкалардын даректери жеткиликтүү,

аралыктан добуш берүү үчүнОш, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Баткен жана Таласшаарларындагы участкалар.

КР БШК добуш берүү күнүндө мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктардан качуу үчүн жарандарды өзүлөрүнүн маалыматтарын алдын ала текшерүүгө чакырат.

Роликти шилтеме боюнча көрүүгө болот.