Шайлоо 17-ноябрь: аралыктан добуш берүү участкаларында иштей турган 10 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутуу болуп өттү
09 ноября 2024
9-ноябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо убагында аралыктан добуш берүү шайлоо участкаларында иштей турган 10 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутууну өткөрдү.
Окутуучу тренинг республиканын бардык региондорунан бардыгы 90дон ашык адамды чогултту. Окутуу ар түрдүү форматтарда өттү: Бишкекте КР БШКнын конференц-залында бищкектик 4 шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү чогулушту, онлайн-режиминде Ош, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Каракол шаарларынан участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кошулушту.
Окутууну КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Т. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы М. Кожокеева, маалыматтык-шайлоо системасын башкаруу жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы К. Абдилатов өткөрдү.
Тренингдин катышуучуларына биометрикалык идентификациялоо, автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) аркылуу добуштарды эсепке алуу жана БШКнын борбордук серверинде добуш берүүнүн жыйынтыктарын жыйындылоо боюнча жабдуу кандай иштээри көрсөтүлдү. Алдыда турган шайлоодо колдонулуучу идентификациялоонун жаңы комбинирленген түзүлүшүнүн аркасында бир нече аппараттарды пайдалануу кыскарат жана биометрикалык маалыматтар – бети жана манжалардын тактары боюнча идентификациялоо мүмкүнчүлүгү келип чыгат. Түзүлүш электрондук документтерди кошуп алганда, паспорттордон маалыматтарды окууга жана идентификацияланган шайлоочулар үчүн гана бюллетендерди басып чыгарууга да мүмкүнчүлүк түзөт, бул басып чыгарууга жана жеткирип берүүгө каражаттарды жана ресурстарды олуттуу үнөмдөйт.
Тренингдин катышуучулары участкалык шайлоо комиссиясынын иштөөсү үчүн зарыл болгон так базалык маалыматты да алышты, анын ичинде:
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү,
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү,
- шайлоочулардан, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуунун тартиби,
- шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруу,
- шайлоо участкасын ыраттоо,
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүү процессин уюштуруу,
- шайлоочулардын тизмелери менен иштөө,
- шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссияларынын иши,
- жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруу,
- аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө.
Шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү канцелярдык товарлар, укуктук жана методикалык адабияттардын толук пакети («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамы, АШК жана УШК үчүн колдонмо жана журнал, АШК жана УШК үчүн иш журналдары) менен жабдылган.