КР БШК 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады
08 ноября 2024
Шайлоочулардын биротоло тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырылды - https://tizme.gov.kg/.
Шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы СӨМ менен (калкты катоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) КБМРиндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында өз ара аракеттешип, шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырууну күн сайын жүргүзөт.
Биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 4 135 039, анын ичинен 2 000 528 эркектер жана 2 134 511 аялдар же 48,38% жана 51,62% .
Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2024-жылдын 14-ноябрына чейин 2437 шайлоо участокторунда илинет.
Урматтуу шайлоочулар!
Өзүңүздүн шайлоо участогуңузду тактаңыз:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- «tizme.gov.kg» сайтында;
- өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).