Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу

06 ноября 2024

4-ноябрда Кыргызстандын борбордук шайлоо комиссиясында мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, тоо-кендерин казып чыгаруучу компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен вахталык жумуштарда, аскер бөлүктөрүндө, дарылоо мекемелеринде, камакта кармоо жайларында жүргөн шайлоочулар үчүн добуш берүү шарттарын түзүү үчүн шайлоо комиссиялары менен өз аракеттенүү маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Жайдан тышкары добуш берүүнү уюштурууну жана аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кошуп алганда, добуш берүүгө катышууга укуктарды ишке ашыруу үчүн чаралар талкууланды.

Кеңешменин ишине КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова, КР Саламаттык сактоо министринин орун басары К. Байдавлетов, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Штабынын Тарбиялоо иштеринин башкы башкармалыгынын начальниги М. Мурзаканов, КР УКМК караштуу Чек ара кызматынын тарбиялоо иштери башкармалыгынын начальниги
Р. Турдалиев, КР УКМК эксперти Р. Алышбаев, КР ИИМ Ички аскерлеринин кадрлар бөлүмүнүн начальниги Ж. Байлочев, КР ИИМ Тергөө кызматынын бөлүмүнүн начальниги С. Макилов, КР ИИМ Кадрлар боюнча башкы башкармалыгынын инспектору М. Ажыгулов, КР Улуттук Гвардиясынын Командачысынын орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу М. Кыпчаков, КР ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинин начальнигинин орун басары
М. Дюшеналиев, КР ЮМ караштуу Кайтаруу жана коштоп жүрүү боюнча кызматтын кадрлар башкармалыгынын начальниги У. Раимбеков, КР Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин башкы адиси Ч.Мамбетаипова, «КазМинералзБозумчак» ЖЧК Тышкы байланыштар департаментинин директору У.Изабаев, «ФулдГолдМайнинг» ЖЧК башкы инженеринин орун басары
А. Стамбеков, «МакмалГолд Компани» ЖЧК директорунун орун басары
А. Кожалиев катышты.

Кеңешмеде айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле аралыктан добуш берүүнү колдонуу боюнча «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык чечимдер кабыл алынды.

Алсак, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 12-беренесинин 2-1-бөлүгүнө ылайык 6-ноябрга чейин, башкача айтканда добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен төмөнкүлөр тапшырылды:

- КР Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилерине социалдык стационардык мекемелерден майыптыгы бар шайлоочулардын жана улгайган жарандардын, ошондой эле добуш берүү күнүндө стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, башкача айтканда ооруканаларда, психо-неврологиялык диспансерлерде жүргөндөрдүн тизмелерин участкалык шайлоо комиссияларына берүү;

- мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын мекемелеринин жетекчилерине аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын тизмелерин участкалык шайлоо комиссияларына берүү;

- мамлекеттик органдардын убактылуу кармоочу изоляторлорунун, тергөө изоляторлорунун мекемелеринин жетекчилерине добуш берүү күнүндө шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларда жүргөн адамдардын тизмелерин берүү жана добуш берүү күнү – 17-ноябрда алардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу.

Бардык алынган тизмелер боюнча КР БШК жайдан тышкары добуш берүү процессин уюштурат.

Аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдиргендер үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар жана тоо-кендерин казып чыгаруучу компаниялар менен өз ара аракеттенүүдө аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу маселесин иштеп чыгуу аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.