Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.С. Дүйшеналиевдин статусу жөнүндө
04 ноября 2024
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.С. Дүйшөналиевдин кармалгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.
Жалал-Абад областынын Ички иштер башкармалыгынын 2024-жылдын 3 ноябрындагы маалыматына ылайык, “Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 2024-жылдын 2-ноябрында 16.10.1988-ж.т. Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичке Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып угузулуп, кылмыш иш боюнча кармалган. Жалал-Абад шаардык сотунун токтому менен бөгөт коюу чарасы аныкталып 2024-жылдын 22-ноябрына чейин камакка алынган”.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 14-октябрындагы № 25 чечими менен Б.С. Дүйшеналиев “Эркин Эл” саясий партиясынын тизмеси менен Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп каттаган.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбайт.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан талапкер Б.С. Дүйшеналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук берүү тууралуу кайрылуу түшкөн эмес.
Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин укуктарын камсыздоо жаатында жогорудагы Мыйзамдын талаптары бузулгандыгы жөнүндө маалымдайт жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин так аткаруу боюнча эскертет.
КР БШКнын Маалыматтык бөлүмү