«Катыш! Танда! Шайла!” маалымат ѳнѳктүгү Ош шаарындагы үч жогорку окуу жайында өттү

29 октября 2024

2024-жылдын 29-октябрында «Катыш! Танда! Шайла!” маалымат ѳнѳктүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана жаштардын “Жаштар Кыймылы” Ош мамлекеттик университетинин, Ош техникалык университетинин жана Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери менен жолугушууларды өткөрдү. Ѳнѳктүк жаш шайлоочулардын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле алардын добуш берүү активдүүлүгүнө дем берүүгө багытталган.

Иш-чарага Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев, КУМУнун проректору С.Сарыков, “Интербилимдин” Ош филиалынын аймактык менеджери Г.Мамасалиева, Кыргызстан жаштар кыймылынын лидери Ж.Бекназаров, журналист-блогер А.Осмонов катышты.

Жолугушууда туруктуу катталган жеринен алыс жашаган шайлоочуларга, анын ичинде шаардагы жогорку окуу жайлардын көптөгөн студенттерине ыңгайлуу болушу үчүн киргизилген аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле жаш курагы 21 жаштан жогору болгон жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар талкууланды. Жаштар үчүн 35 жашка чейинки курактык чекти белгилеген “Жаштар жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, жаш шайлоочулар азыр шайлоочулардын 40%га жакынын же 1,7 миллиондон ашык адамды түзөт

Иш-чаранын программасында балбан Акжол Махмудов жана Кыргызстандын көк-бөрү курама командасынын мүчөсү Сейитбек Анарбек уулу сыяктуу белгилүү спортчулар тууралуу шыктандыруучу роликтер көрсөтүлүп, ал студенттердин кызыгуусун жаратты.

«Катыш! Танда! Шайла!” маалымат ѳнѳктүгү республика боюнча жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө ѳзгөчө көңүл бурууга арналган, анткени дал ушул жаш шайлоочулар жаңы идеяларды жана демилгелерди кѳтѳрүп чыгууга, өлкөдө өнүгүүгө жана демократиялык өзгөрүүлөргө көмөктөшүүгө жөндөмдүү.

Борбордук шайлоо комиссиясы жарандар мүмкүн болушунча көбүрөөк аралыктан добуш берүү укугунан пайдаланышы үчүн арыз берүүнүн мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты.

Эскерте кетсек, борбордо жана өлкөнүн бардык облустарынын борборлорунда калкты тейлөөчү 7 борбордо, 10 ЖОЖдо жана бардык шайлоо участкаларында атайын уюштурулган пункттарда аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу уланууда.