Шайлоо 17 ноябрь: Айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо 27-октябрда аяктады
28 октября 2024
2024-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.
Айылдык кеңештерге 5391 мандат үчүн 10081 талапкер көрсөтүлсө, анын 3717 аялдар түздү.
Талапкерлердин көбү - өзүн-өзү көрсөткөндөр, алар республика боюнча 10 332 талапкерди түзѳт, ал эми Ысык-Көл облусунун бир Жети-Өгүз районунан партиялык тизме боюнча 107 талапкер көрсөтүлгөн.
Алар тапшырган документтер текшерилип, 10083 адам каттоодон ѳткѳн. Ошентип, шайлоого 10 081 талапкер аттанса, анын 3 717и - аялдар.
Эгерде облустар боюнча карай келсек, 17-ноябрда айылдык кеңештин депутаттыгына ат салышчу талапкерлер боюнча статистикасы төмөнкүдөй:
Мандаттардын саны |
Талапкерлердинсаны |
Аял талапкерлердинсаны |
Ош облусу |
||
1458 |
2462 |
885 |
Чүй облусу |
||
1079 |
2149 |
860 |
Жалал-Абад облусу |
||
907 |
1791 |
606 |
Баткен облусу |
||
552 |
1009 |
357 |
Нарын облусу |
||
527 |
932 |
367 |
Ысык-Кѳл облусу |
||
522 |
1034 |
370 |
Талас облусу |
||
346 |
704 |
272 |
17-ноябрда 1259 шайлоо округу боюнча 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.