Кыргызстандын өкүлдөрү Өзбекстан Републикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоодо мониторингке катышуда
27 октября 2024
2024-жылдын 27-октябрында Өзбекстан Републикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо өтүп жатат.
Шайлоонун мониторингине КМШ, ШКУ жана ТМУ байкоо миссияларынын курамында КР БШКнын төрагасынын орун басары
Н. Койчукеев – делегациянын башчысы, БШКнын мүчөлөрү М. Абдалиев,
А. Жупуева катышышууда.
Шайлоонун босогосунда КР БШКнын делегациясынын Өзбекстан Республикасынын БШКнын төрагасы З. Низамходжаев менен жолугушуусу болду.
Өзбекстан Республикасынын БШКнын башчысы шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө, аралаш шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү, шайлоо комиссияларынын иштери тууралуу, ошондой эле улуттук шайлоо практикасына - «E-Saylov» маалыматтык системасын киргизүү жөнүндө кеңири маалымат берди.
Шайлоо 11 028 шайлоо участкаларында өтүп жатат, чет жакта 40 өлкөдө 57 участка ачылган. Шайлоого катышуу тизмелерине 19 944 859 шайлоочу киргизилген.
Маалымат иретинде:
Олий Мажлис Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу аралаш негизде, башкача айтканда мажоритардык-пропорциялык шайлоо системасында өтүп жатат. Депутаттардын саны 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 150 депутаттан турат.
75 - бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча;
75 - бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар үчүн берилген добуштардын санына жараша партиялык тизмелер боюнча.
Жаңы мыйзамдарга ылайык аялдардын саны бир мандаттуу округдар боюнча саясий партиядан, ошондой эле партиялык тизме боюнча депутаттыкка талапкерлердин санынан 40% кем эмести түзүүгө тийиш. Мурда бул квота 30% түзгөн.
Башка талапкерлерге караганда бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көпчүлүк санын алган талапкер шайланган болуп эсептелет. Мыйзам чыгаруу палатасына өтүү үчүн партиялар бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 7 %дан кем добуштарын алуусу зарыл.