Региондордо жана Бишкекте укук коргоо органдарынын 300дөн ашык кызматкери Ыкчам чара көрүү координациялык топторунун (ЫЧККТ) алкагында шайлоо боюнча окуудан өтүштү
21 октября 2024
Коопсуздук, ички иштер жана прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн «2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мезгилинде шайлоо мыйзамдарынбузууларга чара көрүүдө укук коргоооргандарынын ролу» темасында окутуучутренингдердин цикли Бишкекте ушундай семинар өткөрүү менен
19-октябрда аяктады.
- укук коргоо органдарынын 50 кызматкери окуудан өттү, ал эми бүткүл республика боюнча ЫЧККТ алкагында бардыкобластарда жана Бишкек шаарында 8 тренинг өткөрүлдү. Жалпы жонунан 300дөн ашык укуккоргоочу окуудан өттү.
Тренингдер ОБСЕ Программалык офисининколдоосу астында Башкы прокуратура, УКМК жанаИчки иштер министрлиги менен биргеликтеБорбордук шайлоо комиссиясы тарабынанаймактык шайлоо комиссиялары жана регионалдыкукук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн уюштурулду. Бул иш-чараалардын максаты –Ыкчам чара көрүү координациялык топторунун(ЫЧККТ) мүчөлөрүн 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоонунубагында шайлоо мыйзамдарынын нормаларынбузууларга өз убагында чара көрүүгө окутуу.
Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Т. Атабаев, А. Арманбеков, ИИМ өкүлдөрү С. Макилов, М. Ажыгулов, Б. Капалов, Т. Касымакуновмашыктыруучу катары окуу өткөрүштү.
Бишкектеги семинардын ишине КР БШКнынтөрагасы
Н. Шайлдабекова, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй областтарындагы семинарларга – КР БШКнын төрагасынын орун басары
Т. Шайназаров катышты.
Семинарларда – КР БШКнын мүчөлөрү, машыктыруучулар, ИИМ, УКМК жана Башкыпрокуратуранын адисттери азыркы жергиликтүүкеңештерге шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоомыйзамдарын бузуулар үчүн жоопкерчилик, ошондой эле шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү даттанууларды каттоонун жана кароонун тартибижана алдыда болуучу шайлоонун жүрүшүндө кылмыштар жана укук бузуулар боюнча соткочейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруу тууралууайтып беришти.
Укук бузууларды табууда иш-аракеттердиналгоритми, шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды пайдалануугакаршы аракеттенүү боюнча чаралар жана ушундайбузуулар үчүн жоопкерчилик талкууланды.
Семинарларда шайлоонун жүрүшүндө бузууларды квалификациялоо, алар үчүн юридикалык жоопкерчиликтин түрлөрү, үгүт процессинде мыйзамдуулукту сактоо, ошондой эле добуш берүү күнү шайлоо участкаларындакоопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуумаселелери да талкууланды.
Тренингдер практикалык тапшырмалардыкамтыды, аларда шайлоо мыйзамдарынбузуулардын ар кандай түрлөрү жана юридикалыкжоопкерчиликти колдонуунун тартибитериштирилди.
- коргоо органдарынын шайлоокомиссиялары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин талкуулоодо шайлоо процессининмыйзамдуулугун жана анын коопсуздугун камсызкылууга тартылгандардын баарысынын иш-аракеттери бир түрдүү жана мыйзам мененбелгиленген компетенцияларынын алкагында ганаболушу керектиги сунуштамаланды.
Шайлоонун саясий мүнөзүн көңүлгө алууменен, бардык талапкерлер үчүн тең шарттардыжана иш жүзүндө өз ара аракеттенүүдө аларга тең мамилелерди түзүү зарыл. Бузуулардын олуттуулукдаражасынын жана алар боюнча көрүлүүчүчаралардын шайкештигине өзгөчө көңүл буруукерек.
Шайлоо процессинин кыска мөөнөтүүлүк фактору да маанилүү болуп саналат, башкачаайтканда бузууларды кароо боюнча аракеттерыкчам жана кыска мөөнөттө жүргүзүлүшү керек: мыйзамда буга 3-5 күн берилет. Мыйзамдуулуктукамсыз кылуу боюнча чараларды көрүп жатып, шайлоонун бирден бир башкы принциби – алардыначыктуулугу экени тууралуу эстөө маанилүү. Булдемек шайлоонун жүрүшүндө бузууларды карооачык жана айкын болуш керек дегенди түшүндүрөт.
Мыйзам ар бир бузуу боюнча көрүлүп жатканчаралар жөнүндө ыкчам маалымат алмашуунунжүзөгө ашырылышын талап кылат, ал эми аныкаттоо, кароонун жүрүшү, кабыл алынган чечимдерУкук бузуулардын жана жосундардын бирдиктүү реестринде (УБЖБР), БШК сайтында токтоосузчагылдырылууга тийиш.
Тренингдердин катышуучулары жарандардынукуктарын толук кандуу ишке ашырууну камсызкылуу боюнча чаралар таасир көрсөтүүнүн административдик жана башка факторлорусуз эрк-ниетин эркин билдирүүнүн атмосферасындажүзөгө ашырылууга тийиштигине макулдугунбилдиришти.
БШКда ЫЧККТ катчылыгы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат, анын милдетине бузууларжөнүндө даттанууларды жана арыздарды кабылалуу жана каттоо, компетенциясы боюнчатиешелүү органга материалдарды өткөрүп берүү, андан ары чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүнүн мониторинги жана УБЖБР жана БШК сайтында чагылдыруу кирет.