Акысыз таркатыла турган үгүт материалдарынын жана товарлардын тизмеси

17 октября 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө саясий партиялар жана депутаттыкка талапкерлер шайлоочуларга бир катар үгүт материалдарын жана товарларды бекер тарата ала турганын эске салат.

Мындай материалдарга жана товарларга төмөнкүлөр кирет:

- басылма үгүт материалдары (гезиттер, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкерлердин визиткалары, пакеттер);

- талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар төш белгилер, футболкалар, баш кийимдер, моюн орогучтар, желектер, шарлар, калем саптар, калемдер, чѳйчѳкчѳлѳр, дептерлер.

Шайлоо алдындагы үгүт маалында шайлоочулар арасында бекер таркатууга тыюу салынбаган үгүт материалдарынын жана товарларынын тизмеси тиркемеге ылайык БШКнын 2024-жылдын 17-октябрындагы №171 токтому менен бекитилген.