Кѳңүл буруңуз, 17-октябрь - айылдык кеңештерге шайлоого документтерди кабыл алуунун акыркы күнү. АШК сиздерди күтөт, урматтуу талапкерлер!
16 октября 2024
2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган шайлоого катышуу үчүн айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү уланууда. Борбордук шайлоо комиссиясы айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 2024-жылдын 17-октябрында саат 18:00дө аяктарын эскертет.
Республика боюнча жалпысынан 1259 шайлоо округунда 231 айылдык кеңешке шайлоо дайындалган. Мандаттардын жалпы саны - 5391, анын 30%, б.а. 2185 аялдар үчүн сакталган (аялдар квотасы).
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды. Мурда депозиттин суммасы 1000 сом болгон.
Талапкерлер арыздын формаларын, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу боюнча бардык методикалык материалдарды жана нормативдик актыларды Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан https://www.shailoo.gov.kg/ru/17-noy-2024-g-vyb-dep-mestnyh-keneshej/ ) таба алышат же шайлоо комиссияларынан сурап алса болот.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп 21 жашка толгон, ортодон тѳмѳн эмес билими бар жергиликтүү жамааттын мүчөсү шайлана алат. Талапкерди саясий партиялар сыяктуу эле жарандар да өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтө алат. Шайлоо мажоритардык система боюнча өтөт, б.а. көпчүлүк добуш алган талапкерлер шайланды деп эсептелет.