КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Азистер жана дүлөйлөр коомуна жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо үчүн Брайль шрифти менен даярдалган материалдарды тапшырды

16 октября 2024

2024 жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында КР БШК «Өнүктүрүү саясаты институту» коомдук бирикмесинин колдоосунда КР Азистер жана дүлөйлөр коомуна талапкерлер жана шайлоочулар үчүн Брайль тилиндеги маалыматтык буклеттерди тапшырды, аларда шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын катышуучуларынын укуктары жана милдеттери, добуш берүүнүн тартиби, аралыктан добуш берүүнүн тартиби жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун башка шарттары кең-кесири баяндалган. Акциянын максатыжеткиликтүү форматта маалымдоо жана алдыда болуучу шайлоодо майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын алдыга жылдыруу.

Баардыгы төмөнкү маалыматтык материалдар тапшырылды:

- шайлоочулар үчүн брошюралар – 1700 нуска,

- жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн брошюралар – 300 нуска.

Маалыматтык материалдарды тапшыруу аземине КР БШК төрагасы
Н. Шайлдабекова, КР ЖК депутаты Д. Бекешев, КР Азистер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси К. Жапаров, Өнүктүрүү саясаты институнун башкармалыгынын мүчөсү С.Градваль катышты.

КР БШК төрагасы белгилегендей, «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкерлердин шаардык шайлоого милдеттүү катышуусуна тиешелүү норманы шайлоо мыйзамдарына киргизүү менен, мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын укуктарын корогоону жактай тургандыгын ырастады. КР БШК 2017-жылы саясий турмушка катышууга жана эркин добуш берүүгө бөгөт болгон укуктук жана администрациялык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча этап-этаптуу чаралар менен алектенген, ушул убакта БШК мүчөсү А. Жумалиева жетектеп жаткан топту түзүп, мамлекеттин бул саясатын ырааттуу ишке ашырып жатат.

Бүгүнкү күндүн милдетисаясий партиялар алардын маалыматтык жана үгүт материалдарынын 1% кем эмеси атайын форматта берилүүгө тийиш экендиги жөнүндө мыйзамдын нормасын аткарууга милдеттүү».

КР ЖК депутаты Д. Бекешев жаңы брошюралардын биринчи окурманы болуп калды, ал алардын сапатын «эң жакшы» деп баалады. «Өткөн жылы эл аралык аянтчаларда Кыргызстан шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө инклюзивдүү шарттарды түзүү боюнча Борбордук Азияда баарынан алдыга чыккандыгы белгиленди. Эми биз өзүбүздүн позициябызды жакшыртып жатабыз, башкача айтканда, эгерде биз мурда Жогорку Кеңеште ДМЧА талапкерлердин шайлоого катышуусунун маанилүүлүгү жөнүндө гана айтып келсек, быйылкы жылда бул мыйзамдагы милдеттүү норма» деп баса белгиледи ал.

КР Азистер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы К. Жапаров бүгүнкү күндө Коом бүткүл өлкө боюнча майыптыгы бар жарандарды баш коштурган 60 филиалдан турган ири бирикме болуп саналгандыктан, пайдалуу маалыматтар өзүнүн кызыкдар шайлоочусуна чейин жетээрине ишендирүү менен КР БШК жана Өнүктүрүү саясаты институтуна ыраазычылык билдирди.

«Өнүктүрүү саясаты институту (ӨСИ) жергиликтүү кеңештердин иши ар биринин турмушунда маанилүү экендигин түшүнөт жана маалыматтык кампанияны өткөрүүдө БШК менен кызматташууга ыраазы. Биздин кызматташтыгыбыздын бирден бир мисалы маалыматка жетүүдө инклюзивди (баардыгы үчүн тең шарттарды түзүүнү) камсыз кылуу болуп саналат. Депутат болууну каалагандар сыяктуу эле, депутаттарды шайлоочулар үчүн да Брайль тилиндеги маалыматтык брошюралардын атайын чыгарылышыал кимге арналгандыгын татыктуу белгилегендерге биздин салымыбыз» деп белгиледи Өнүктүрүү саясаты институнун башкармалыгынын мүчөсү С. Градваль.