Кыргызстанда шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана аралыктан добуш берүүнү каалагандарды каттоо жүрүп жатат
14 октября 2024
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы боюнча туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүндүгү болбогон шаардык кеңешке депутаттарды шайлоочулар аралыктан добуш бере алышаарын эскертет.
Азыркы убакта өлкөдө шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана аралыктан добуш берүүнү каалагандарды каттоо активдүү жүрүп жатат. Ар бир шаардык тургун өзүнүн маалыматарын шайлоочулардын тизмелеринен тактай алат. Каталарды же жеке маалыматтардагы так эместиктерди тапкан же шайлоочулардын тизмелеринде жок болгон учурда, КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуусу зарыл. Ошондой эле www.tizme.gov.kg сайтында белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүү менен, «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арызды электрондук форматта берүүгө болот.
БШК аралыктан добуш берүү үчүн Кыргызстанда төмөнкүдөй 10 участка ачат: 1ден участка – Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас шаарларында жана 4 участка – Бишкекте.
Берилген арыздардын санына жараша кошумча участкалар ачылат.
Аралыктан добуш берүү үчүн участкалар төмөнкү даректер боюнча жайгашат:
Бишкек:
- Ленин районунда - КМУУ башкы имаратында (Фрунзе көчөсү, 547);
- Октябрь районунда - райондук администрациянын «Таберик» балдар музыкалык театрынын залында (Байтик Баатыр көчөсү, 17);
- Биринчи май районунда - К. Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканада (Огонбаев көчөсү, 242);
- Свердлов районунда - А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын имаратында (Абдрахманов көчөсү, 167).
Ош - Масалиев көчөсү № 37, А Новаи атындагы орто мектептин имараты;
Баткен - Ж. Момунов көчөсү №16, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин имараты;
Жалал-Абад - Т. Байзакова көчөсү №25, Б. Осмоноа атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин имараты;
Каракол - Абдрахманов көчөсү № 130, К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттин имараты;
Нарын - Ленин көчөсү № 76, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имараты;
Талас - Чынгыз Айтматов көчөсү № 353, А. Токтогулов атындагы облустук китепкананы имараты.
