Жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларын финансылык жактан камсыз кылууну КР БШК борборлоштурулган тартипте жүзөгө ашырылат
07 октября 2024
2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы айкындуулукту, ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылуу максатында шайлоо комиссияларынын ишин финансылык жактан камсыз кылууну борборлоштурулган тартипте ишке ашырууда.
Бухгалтердик эсеп Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 468-р тескемесин аткаруу үчүн «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун (АМТ) алкагында эсептердин бирдиктүү планын колдонуу менен жүргүзүлөт.
“Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» АМТ «РСК Банк» ААК жана «Айыл Банк» ААК банк мекемелери аркылуу жергиликтүү кеңештерге шайлоодо накталай эмес формада бекитилген сметага ылайык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана ишке тартылган адистерди каржылоону камсыз кылат.
«Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» тутумун колдонуу шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде катталган жери боюнча салык органдарына ай сайын киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча отчет берүү маселелерин автоматтык түрдө чечүүгө мүмкүндүк берет.
Маалымат үчүн: бир шайлоо комиссиясында, эреже катары, 9-12 адам иштейт. 56 аймактык шайлоо комиссиясында – 674 адам, 2439 участкалык комиссиясында – 30515 адам, автоматташтырылган башкаруу системасынын операторлору – 1031 адам, техникалык колдоо топторунун адистери – 600 адам жана коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоого тартылган Ички иштер министрлигинин кызматкерлери – 4490 адам.
