Кыргызстандын өкүлдөрү Казакстан Республикасынын республикалык референдумунун мониторингине катышат

06 октября 2024

Кыргызстандын өкүлдөрү 2024-жылдын 6-октябрында өтүүчү Казакстан Республикасында атомдук электростанцияны куруу маселеси боюнча республикалык референдумдун мониторингине катышат.

КМШ, ШКУ байкоочу миссиясынын курамында Кыргыз Республикасынан байкоочулардын делегациясын БШК төрагасынын орун басары Н.Койчукеев жетектейт.

Референдумдун алдында КР БШК делегациясынын Казакстан Республикасынын БШК төрагасы Н. Абдиров менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Абдиров республикалык референдумга даярдыктын жүрүшү жана аны өткөрүү жөнүндө, кампаниянын негизги этаптары, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык байкоочулардын жана чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусу тууралуу маалымдады.

Республикалык референдумду уюштурууну жана өткөрүүнү 246 аймактык шайлоо комиссиясы, 10 327 участкалык шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат, ошондой эле 63 чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн алдында 78 чет өлкөлүк участка уюштурулган.

Республикалык референдумга «Казакстанда атомдук электрстанциясын курууга Сиздер макулсуздарбы?» деген суроо киргизилген.

Референдумга катышуу тизмесине 12 176 968 жаран киргизилген.

Референдумдун мониторингине катышуу үчүн 30 өлкөдөн жана 4 эл аралык уюмдан 170тен ашык эл аралык байкоочу аккредиттелген.

Байкоочулар шайлоо участкаларына барышат, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүшөт, ошондой эле добуштарды эсептөө мониторингине катышат.

 

Маалымат ирээтинде:

 

Казакстан Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
2-сентябрындагы Жарлыгы менен Казакстан Республикасында атомдук электрстанциясын куруу маселеси боюнча Казакстан Республикасынын бүткүл аймагында 2024-жылдын 6-октябрына республикалык референдум дайындалган.

«Республикалык референдум жөнүндө» Казакстан Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, эгерде референдумга катышууга укугу бар жарандардын жарымынан көбү добуш берүүгө катышса, референдум болду деп эсептелет.

Эгерде добуш берүүнүн натыйжасында добуш берүүгө катышкан жарандардын жарымынан көбү анын оң чечилиши үчүн добуш берсе, референдумга киргизилген маселе боюнча чечим кабыл алынды деп эсептелет.