КР БШК менен Аялдар лидерлиги академиясы аялдардын шайлоого катышуусун талкуулады
27 сентября 2024
Бүгүн, 2024-жылдын 27-сентябрында, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясында Бишкектеги ОБСЕнин Программалык кеңсесининколдоосу менен түзүлгөн Аялдар лидерлигиакадемиясынын катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Тереңдетилген окуу менен аяктаган бул эки айлык курста Кыргызстандын бардык аймактарынан келген лидер аялдар саясий жана коомдук турмушка активдүү катышуу көндүмдөрүнѳ ээ болушту.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасыН.Шайлдабекова куттуктоо сөзүндө коомчулукта гендердик квота боюнча эки ача пикирге карабастан, аялдар арасында лидерлик өсүп жатканын, аялдар үй-бүлөсүнө гана эмес, мамлекетке да таасирдүү камкордук көрүүгө жөндөмдүү экендигин белгиледи. 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ААР байланыштуу депутаттардын саны азайганына карабастан, аялдардын 50%га чейин орун алуу мүмкүнчүлүгү жогору.
Жолугушууда белгиленгендей, Кыргызстанда шайлоочулардын добуштарын калыс эсепке алууну камсыз кылган шайлоо системасы түзүлдү, ал эми жарандардын саясий процесстерге активдүү катышуусу алардын турмушун жакшыртуунун маанилүү кадамы болуп саналат.
Жыйындын катышуучуларынын айтымында, Аялдар лидерлиги академиясы өлкөнү башкарууга активдүү катышууга умтулган аялдарга колдоо көрсөтүү миссиясын улантууда. Ыңгайлуу системанынын шартында жана жарандардын өздөрүнүн ынтызарлыгын эске алганда, аялдар олуттуу ийгиликтерге жетише алышат, бул күчтүү жана адилет коомду курууга карай маанилүү кадам болот. Академия шайлоочулардын олуттуу бөлүгүн түзгөн Кыргызстандын жаштар кыймылы менен да активдүү иш алып барууда. Жаш шайлоочулар менен болгон жолугушууларда алардын көпчүлүгүбийликте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана иштей турган компетенттүү адамдарды көргүсү келери белгилүү болду.