Мамлекеттик тил күнүнө карата Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекованын КУТТУКТООСУ!

23 сентября 2024

Урматтуу кыргызстандыктар!

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү майрамыңыздар менен өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук Комиссиясынын атынан  чын дилимден куттуктайм!

Баарыбыздын асыл тилегибиз - өз мекенибизде эне тилибизде сүйлөй, иштей билүү, карым-катышта болуу. Ошол себептен, бул күн - мекенчилдиктин жана өз Мекенине болгон сүйүүнүн, улуттук каада-салтты жана эне тилди сактоого умтулуу менен өзгөчө белгиленет.

Нечен деген кыйын күндөрдү башынан кечирген ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган кыргыз тилин  - элибиздин маданий кенчи - Манас сыяктуу мухиттей теңдешсиз эпостун тили катары ар дайым сүйлөп, жаштардын дилине тилдин ыйыктыгын сиңирип,  мекенчил жаштардын чыгышына жан үрөп сүйлөп жана кастарлап, кадырлообуз керек.

Ошондо гана тилибиз уюткулуу улуттун, түптүү элдин жана өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары мындан дагы жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп терең ишенем.

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов «Ар бир тил – өз элине улуу» - деп бекеринен айтпаса керек.  Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана Улуу эл болуп  маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.

Кыргыз тили - кең өлкөбүздө жашаган көп улуттун өкүлдөрүн бириктирген ынтымак жана достуктун тили болсун.

Баарыңыздарды дагы бир жолу Кыргыз тили күнү майрамыңыздар менен куттуктайм.

Мекенибизде тынчтык болуп, кыргыз тилибиздин – мамлекеттик тилибиздин келечеги кең болсун!

Терең урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын төрагасы  Н.К.Шайлдабекова