№13 Сузак округунда КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуусу өтөт

09 сентября 2024

 

№13 Сузак  округунда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн  алкагында 2024-жылдын 9-сентябрынан тартып КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өткөрүлөт.

         Жолугушууларды  Сузак округдук  шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрөт. 

         №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоодо 7 талапкер катталган (катталган талапкерлердин тизмесине шилтеме).

         Сузак райондук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин жолугушууларына төмөнкү график боюнча катышууга чакырат:

09.09.2024-жылы, саат 10:00. Сузак району, Кара-Дарыя айыл өкмөтү,   Ак-Мечит айылы,   Арал кѳч. №171.   Минбаев атындагы стадион

10.09.2024-жылы, саат 10:00. Сузак району, Сузак айыл ѳкмѳтү, Сузак айылы,  Мадумар-Ата кѳч. Борбордук аянт.

11.09.2024-жылы, саат 10:00. Сузак району, Атабеков айыл өкмөтү, Бек-Абад айылы,  М.Сыдыков кѳч. №114. Маданият үйү.

12.09.2024-жылы, саат 10:00. Сузак району, Кызыл-Туу айыл өкмөтү,   Кызыл-Сеңир айылы,   Масыдыкова кѳч. Маданият үйү.

13.09.2024-жылы,  саат 10:00. Сузак району, Багыш айыл өкмөтү,   Борбордук айылы,  «Октябрьское» стадиону.

14.09.2024-жыл,  саат 10:00. Сузак району, Көк-Арт айыл өкмөтү,   Кара-Чолок айылы,   Иминов кѳч. №1. Маданият үйү.

16.09.2024-жыл,  саат 10:00. Сузак району, Кызыл-Кол айыл ѳкмѳтү, Ак-Тоок айылы, Абдурасулов ​​кѳч. №6. С. Жапарбев атындагы спорт комплекси

17.09.2024-жыл,  саат 10:00. Көк-Жаңгак шаары,  Октябрдын 40 жылдыгы бульвары №3. Маданият үйү.

2024-жылдын 22-сентябры - №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.

         Талапкерлер тууралуу маалымат берүү максатында Жалал-Абад УТРК каналында дебаттар өткөрүлөт.

         БШК шайлоочуларды “Талапкер” маалымат ресурсунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалымат менен таанышууну сунуш кылат (https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/okrg_candidate/1700/39).