КР БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктайт

31 августа 2024

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы кыргызстандыктарды  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктайт!

Бул эки майрам  ѳтѳ символикалуу жана   тарыхый жактан терең байланышы бар!

Мындан жүз жыл мурун кыргыз тарыхында кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүү актысы жарыяланган!

Негиздөөчү аталарыбыз  кыргыз элинин кылымдардан берки тьилегин ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшап, жанын беришке чейин барышкан! Бул татаал жолдо элибиз   баарын баштан кечирди: кыйынчылыктар менен ийгиликтер, жетишкендиктер менен мүчүлүштѳр болбой койгон жок.    Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кыргыз мамлекеттүүлүгүн андан ары өнүктүрүүнүн кубаттуу негизи болуп калды.

33 жыл мурун Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жарыяланып, мамлекетибиз дүйнөлүк коомчулуктун толук кандуу мүчөсү болгон.

Эгемендүүлүк күнү ар бир кыргызстандык үчүн улуттук биримдиктин жана өлкөбүздүн бүгүнкүсү жана келечеги үчүн жоопкерчиликтин символу!

 Саясий жактан туруктуу, экономикалык жактан өнүккөн, жаратылышы кооз жана  таза, жарандарынын жашоо деңгээли бийик өлкөнү сактап калуу жана урпактарга өткөрүп берүү биздин милдетибиз!

 Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү майрам Кыргызстан элинин, Мекенибизди сүйгөн, анын тарыхын, көп кылымдык каада-салттарын ыйык тутуп, анын татыктуу келечеги үчүн эмгектенген ар бир адамдын башын бириктирип, ынтымагын дагы бекемдесин!

Ушул даңазалуу майрам  күнү сиздерге бардык пландарыңыздын ийгиликтүү ишке ашышын, үй-бүлөңүздѳргѳ  бакубат турмуш  жана ишенимдүү жана туруктуу келечек каалайбыз!

Тынчтык, бакубатчылык жана гүлдѳп ѳнүгүү  болсун!