Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин документтерин кабыл алуунун мөөнөтү - 22-август, саат 24:00гө чейин
21 августа 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сузак №13 шайлоо округу боюнча өзүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүүнү каалаган жарандардын документтери 2024-жылдын, 22 - августу, саат 24:00 чейин кабыл алынаарын эскертет.
Жогорку Кеңештин депутаты болуп Кыргыз Республикасынын жараны, 25 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ, жогорку кесиптик билими бар адам шайлана алат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерликти көрсөтүү үчүн (өзүн-өзү көрсөткөн учурда) талапкер тарабынан БШКга ушул шайлоо округу боюнча талапкер катары катышуу ниети жөнүндө арызы керек. Эгер саясий партиядан көрсөтүлсө, партиянын съездинин чечими талап кылынат.
Талапкер өзүнүн жеке каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчүнөн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн коет. Талапкер бир гана шайлоо округунан көрсөтүлүшү мүмкүн.
Талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди берүү 2024-жылдын 25- августу саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына берген документтердин тизмеси жана бланктары менен бул жерден таанышууга болот.
