БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

19 августа 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 19-августундагы жыйналышында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР БШК “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык М.А. Абдалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.