КР БШКнын 2024-жылы 7 - августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
07 августа 2024
Өткөрүү датасы: 7-август 2024-ж.
Убактысы: 12-30.
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Сатыбалдиев Т.Т, маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси)
2. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Нурдин Манапович Эрматовдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. Ар кандай маселелер