КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.И. Икрамовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
19 июля 2024
КР БШК 2024-жылдын 19-июлундагы жыйынында №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Икрамов Тазабек Икрамовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
КР ЖК депутаты Тазабек Икрамович Икрамовдун ыйгарым укуктары №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.И.Икрамовдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Маалымат иретинде: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча тийиштүү шайлоо округдарына кеткендердин ордуна Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт.
Маалымат бѳлүмү