БШКда шайлоочуларга маалымат берүү жана консультациялык жардам көрсөтүү үчүн 1255 телефону боюнча байланыш борбору иштейт
30 июня 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №29 Свердлов, №5 Ноокат жана №36 Ысык-Кѳл шайлоо округдарында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу жана консультациялык жардам көрсөтүү үчүн 1255 телефону боюнча колл-борбор иштейт.
Колл-борбордун операторлору шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоого катышуунун тартиби тууралуу суроолоруна жооп берүүгө даяр.
Уюлдук телефондордон жана стационардык номерлерден 1255 кыска номуру аркылуу колл-борборго бардык чалуулар АКЫСЫЗ.
Коомдук кабылдама – 0(312) 66-02-40
Шайлоо участогуңуздун дарегин дагы билсеңиз болот:
-
1255 же 119 телефондору аркылуу;
-
119 номерине PIN-кодду көрсөтүү менен SMS жөнөтүү аркылуу - паспорттогу жеке идентификациялык номер (акысыз);
-
https://tizme.gov.kg/ сайтында
Колл-борбор 8:00дөн 20:00гө чейин тыныгуусуз иштейт.