Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндѳ бузуулар боюнча чечимдерди кабыл алды
29 июня 2024
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралды.
№ 5 Ноокат шайлоо округу
1. №5 Ноокат округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер Б.Мариповдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Набиеванын жарандар И.Нарматов жана Сүйүнбай кызы Айжаркынга карата арызы каралды, социалдык тармактарда көрсөтүлгөн адамдар, анын пикиринде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б. Марипов тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен №5 Ноокат шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер А.Т.Абдувалиевге, анын агитатору И.Нарматовдун талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттери үчүн эскертүү берилди.
№5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Б.Мариповдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Набиеванын арызында WhatsApp мессенжери аркылуу №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер К. Абдыкеримов М. Абдыкеримовдун катышуусу менен үгүт видеороликтерин таратып жатат Арыз ээсинин айтымында, М.Абдыкеримов - Ноокат районунун ҮДТ башчысы жана мамлекеттик кызматчы.
М.Абдыкеримовдун катышуусундагы видеоролик Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан алдыдагы шайлоого жарандардын активдүүлүгүн жана катышуусун жогорулатуу максатында даярдалганы жана анда кайсы бир талапкерди колдоо боюнча үгүт иштери жок экендиги аныкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы чечими менен А.Набиеванын арызын канааттандыруудан баш тартты.
№36 Ысык-Кел шайлоо округу
3. “Сhyndyk.media” жана “azia.news” сайттарында талапкер Б.С.Турусбеков тууралуу чындыкка дал келбеген басылмалар тууралуу №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер Б.С.Турусбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Аманбаеванын арызы.
Ошол эле учурда, арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча Жумушчу топтун арызды кароодо жарыялоо («azia.news» ресурсунан кѳчүрүлүп басылган) «chyndyk.media» интернет-басылмасы тарабынан өчүрүлгөн.
Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратканы үчүн “Азия ньюс” гезитине гана жоопкерчилик чарасы колдонулган.
№ 29 Свердлов шайлоо округу
4. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ч.С.Сапарбаевдин үгүт баннери талаптарга жооп бербегендик менен жайгаштырылгандыгы (№32 орто мектепке жакын) тууралуу № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинанын ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Т.Абдыкеримовдун арызы
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн талапкерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 65-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынды ( 7500 сом).
5. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ж.Салымбековдун үгүт баннери (№21 жалпы билим берүү мекемесине жакын жерде) коюлгандыгы тууралуу Э.Т Таалайбекованын арызы.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн талапкерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 65-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынды (7500 сом).
6. 2024-жылдын 12-июнунда №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскар Жеңиш аянтында үгүт иш-чарасын өткөргөндүгү тууралуу А.К.Эдилованын арызы.
2024-жылдын 17-июнунда ушундай эле арыз келип түшкөн жана БШК тарабынан каралган, буга байланыштуу А.К.Эдилованын арызын канааттандыруудан баш тартылган.
7. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ч.С.Сапарбаевдин эки үгүт баннери жашоочулардын макулдугусуз ТСЖ үйлөрүнө илингендиги тууралуу ТСЖнын тѳрагасы Н.Шляхованын арызы.
Ошону менен бирге арызды кароо процессинде талапкер Ч.С.Сапарбаев тарабынан бул бузуулар жоюлган, ошондуктан арыз ээсинин эч кандай дооматы жок.
Мыйзамдын талаптарын аткаруу жана жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамда каралган зарыл чараларды кѳрүүдѳ жана алар боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдоодо.













