Үч округда КР ЖКга депутаттарды шайлоо: Шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышууга чакырууда (видеороликтер)
27 июня 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо округдарынын шайлоочуларын маалымдоо максатында жеке билдирүүлөрдү даярдап таркатуу менен атайын видеороликтерди тартууну ишке ашырды, ал телеканалдарда кѳрсѳтүлүп, уюлдук операторлор аркылуу 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган алдыда болуучу шайлоолор жөнүндө SMS билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдѳ.
Видеороликтерде тиешелүү округдардын аттуу-баштуу атуулдары жарандарды алдыдагы шайлоого активдүү катышууга үндөп, ар бир добуштун маанилүүлүгүн жана райондон татыктуу депутатты шайлоо тууралуу айтып жатышат. Видеороликтер телеканалдарда жана социалдык тармактарда көрсөтүлөт. Бул жерден кененирээк видеолорду көрө аласыз.
Билдирүү ар бир шайлоочуга добуш берүү күнүн, шайлоо участогунун номерин жана дарегин маалымдайт, ошондой эле тиешелүү округ боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле кошумча суроолоруңуз болсо байланыша турган байланыш дареги да көрсөтүлгөн.
Билдирүүлөрдү берүү учурунда участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү добуш берүүнүн тартиби жана улуттук парламентке татыктуу депутаттарды шайлоо үчүн жарандардын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат беришти. Иш-чарага участкалык шайлоо комиссияларынын 2214 мүчөсү тартылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоочулардын акыркы тизмелерине бардыгы болуп 311 363 шайлоочу киргизилди, ага ылайык төмөнкүлөр даярдалып, шайлоочуларга тапшырылды:
- № 5 Ноокат шайлоо округу боюнча – 91 057 билдирүү;
- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча – 122 975 билдирүү;
- № 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча – 97331 билдирүү.
Чакырууларды «MEGA» жана «О» уюлдук операторлору шайлоочуларга СМС аркылуу жөнөтүштү.
Өз кезегинде. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды шайлоого активдүү катышууга жана өлкөнүн парламентине өз округунан депутатты шайлоого чакырат. Ар бир добуш маанилүү, ар бир добуш жыйынтыкка таасир тийгизери абзел!
