КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган үч округдун шайлоочулары шайлоо жөнүндө жеке чакырууларды алышат
27 июня 2024
Жарандардын шайлоого катышуусу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле аларга маалымдоо максатында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо округдарында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө чакырууларды даярдады жана шайлоочуларга берип жатат.
Чакырууларда ар бир шайлоочуга добуш берүү күнү, шайлоо участкасынын номери жана дареги жөнүндө, ошондой эле тиешелүү округ боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жөнүндө кабарландырылат. Ошондой эле маселелер келип чыкканда кайрылууга боло турган байланыш маалыматы көрсөтүлгөн.
Чакырууларды берүүнүн жүрүшүндө участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү добуш берүү тартиби жөнүндө, улуттук парламентке татыктуу депутаттарды шайлоо үчүн шайлоого жарандардын катышуусунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдоону жүргүзөт.
Иш-чарага участкалык шайлоо комиссияларынын 2214 мүчөсү тартылган.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды шайлоого жигердүү катышууга жана өзүнүн жарандык позициясын билдирүүгө чакырат.
Маалымат үчүн: КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмелерине бардыгы болуп 311363 шайлоочу киргизилген, ага ылайык төмөнкүлөр даярдалган жана шайлоочуларга берилет:
- №5 Ноокат шайлоо округунда – 91057 чакыруу;
- №29 Свердлов шайлоо округунда – 122975 чакыруу;
- №36 Ысык-Көл шайлоо округунда – 97331 чакыруу.
КР БШКнын маалымат бөлүмү







































