2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлдү

24 июня 2024

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырды - https://tizme.gov.kg/.

№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 91 057, анын ичинен 45 529 эркектер жана 45 528 аялдар же 50% жана 50%.

№36 Ыссык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 97 331, анын ичинен 47 541 эркектер жана 49 790 аялдар же 48,84% жана 51,16%.

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 122 975, анын ичинен 52 271 эркектер жана 70 704 аялдар же 42,51% жана 57,49%.

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2024-жылдын 25-июнуна чейин 175 шайлоо участкасына илинет.

Урматтуу шайлоочулар!

Шайлоо участогуңузду тактап алсаңыз болот:

- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;

- «tizme.gov.kg» сайтында;

- шайлоо участогунда;

- өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).