КР БШКнын 2024-жылы 11 - июнунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

11 июня 2024

Өткөрүү датасы: 11-июнь 2024-ж.

Убактысы: 12:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

 

1. №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малик Кусеинович Мамбетовдун каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

2. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө

(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы)

3. Н.М. Турдалиевди жана Акылбек уулу С. №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Санжарбек Толонбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

4. №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыбек Асамидинович Мариповдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

5. №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жумабек Мамытбаевич Салымбековдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Ар кандай маселелер