№29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди
07 июня 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти.
9005,3 миң сом суммасында бекитилген чыгашалар сметасында шайлоо мыйзамдарына ылайык каржылоосу мамлекеттик бюджеттен каралган иш-чаралар камтылган.
Чыгашалар сметасы төмөнкүдөй чыгымдарды камтыйт:
- 3515,1 миң сом – шайлоону уюштурууга борборлоштурулган чыгашалар: маалымат берүү, комиссияларды окутуу, байланыш менен касыз кылуу, маалыматтык материалдарды жана бюллетендерди басып чыгаруу, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатмаларды аймактарга жеткирүү ж.б.;
- 5490,2 миң сом – 1 округдук шайлоо комиссиясынын жана 60 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылуу үчүн.
Шайлоону камсыз кылуу үчүн 1 ОШКда - 12 мүчө, 60 УШКда - 810 адам, АЭУнун 45 оператору жана 15 техникалык колдоо тобунун адистери болот.
30.04.2024-ж. карата алдын ала маалыматтар боюнча Свердлов шайлоо округунда 122 951 шайлоочу бар.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 468-р тескемеси менен айкындуулукту, ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылуу максатында «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган маалыматтык тутумунда эсептердин бирдиктүү планын колдонуу аркылуу «РСК Банк» ААК жана «Айыл Банк» ААК банк мекемелери аркылуу накталай эмес формада бекитилген сметага ылайык №29 Свердлов шайлоо округунун шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана тартылган жарандарга финансылык колдоо көрсөтүлөт.
Ошондой эле, Эсеп палатасынын аудиторлорунун сунуштарына ылайык, БШК бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча борборлоштурулган бухгалтерияны түзүү менен шайлоо комиссияларынын финансылык ишин башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.