Анонс: Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер үчүн окууларды өткөрөт

06 июня 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 7-8-июнунда депутаттыкка талапкерлерди жана алардын өкүлдөрүн окутууну, шайлоо бюллетениндеги кезегин аныктоо үчүн чүчүкулак кармоону, бекер эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүүнү ѳткѳрѳт, ошондой эле 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюу болот.

 

Ѳткѳрүлүүүчү жер жана убактысы:

1. № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн 2024-жылдын 7-июнунда саат 11:00дөн баштап 16:00 чейин Ноокат шаарында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (чоң залы);

2. № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн 2024-жылдын 7-июнунда саат 11.00дөн баштап 16:00 чейин Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (чоң залы);

3. Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн 2024-жылдын 8-июнунда саат 11.00дөн баштап 16:00 чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имараты (жыйындар залы).

Талапкерлерди жана алардын өкүлдөрүн окутуу төмөнкү темалар боюнча өткөрүлөт:

  1. бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;
  2. шайлоо процессиндеги айкындуулуктун жана аныктыктын технологиялары;
  3. шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби;
  4. арыздарды, даттанууларды кароонун тартиби, юридикалык жоопкерчилик;
  5. шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери;
  6. бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоонун тартиби.

 

Бардык суроолор боюнча тѳмѳндѳгү байланыш телефондоруна кайрылыңыз: (0312) 66-01-16; 66-01-18.