М.И. Маратов жана Б.М. Мурзакматов КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышпайт
01 июня 2024
Бүгүн, 2024-жылдын 1-июнунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда №5 Ноокат округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн Мурзакматовдун Б.М. жана №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн Маратов М.И, 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган шайлоого өз ыктыяры менен катышуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн арыздарды эске алды.