КР БШК А.Муртазалиевди шайланган депутат деп таанууга милдеттендирүү жөнүндө соттук чечимдерге даттануу процессинде турат

31 мая 2024

КР БШК соттук чечимдерге даттануу процессинде турат, ал чечимдери аркылуу соттор БШКны А.Муртазалиевди №29 Свердлов округунда КР ЖКнын шайланган депутаты деп таанууга жана тиешелүү түрдө бул чечим боюнча аткаруу барагын таанууга укукка жат милдеттендирет.

2024-жылдын 20-майында КР БШКга Бишкек шаарынын Свердлов районунун соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнөн жогоруда көрсөтүлгөн даттанылып жаткан соттук чечимди жоопкерде катталган күндөн тартып –
10 жумуш күндүн ичинде ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушу менен 2024-жылдын 16-майындагы аткаруу барагы келип түшкөн.