№5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Э.А. Кудайбердиев катталды

28 мая 2024

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 28-майындагы жыйынында Кудайбердиев Элдар Абдымаликович №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Талапкерге атайы үлгүдөгү күбөлүк тапшырылды.

Чечим талапкерлер, саясий партиялар тарабынан 2024-жылдын 23-майындагы шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде кабыл алынды. Талапкер мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берет.

28-майга карата №5 Ноокат шайлоо округу боюнча 11 кандидат талапкерлигин көрсөттү, 2 каттодон өттү.