КР БШКнын 2024-жылы 27 - майында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

27 мая 2024

Өткөрүү датасы: 27-май 2024-ж.

Убактысы: 10:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. Турусбеков Бактыбек Сагындыковичти «Ынтымак» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө

(баяндамачыАйтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Тоң, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Аксы, Сокулук, Чүй, Кадамжай, Баткен жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачыАйтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

3. Ноокат округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы - Мырзакматова Э.Т – шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)

4. А.А. Рысбаеваны жана Н.А. Дамированы №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Белек уулу Улукбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

5. Б.К. Оңкобаевди жана О.В. Турусбекованы №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бактыбек Сагындыкович Турусбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

6. Ар кандай маселелер