БШК «Ата-Журт Кыргызстан» cаясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен талапкер К. Б. Кадыровду чыгарды

24 мая 2024

2024-жылдын 24-майындагы  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда
 «Ата-Журт Кыргызстан»  cаясий партиясынан көрсөтүлгөн Кадыров Кубанычбек Бекбосуновичди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим «Ата-Журт Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө К.Б. Кадыровдун өз арызынын негизинде кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү