КР БШКнын 2024-жылы 15 - майында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

15 мая 2024

Өткөрүү датасы: 15 май 2024-ж.

Убактысы: 15:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. Атабек Дюшенович Мазымкановду №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

2. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө

(баяндамачы – Сатыбалдиев Т.Т., маалыматтык камсыздоо секторунун жетектөөчү адиси)

3. №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Нарын, Ноокат жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

5. 2024-жылдын 28-апрелинде болуп өткөн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө талапкерлердин шайлоо кампанияларын каржылоо тууралуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы жөнүндө

(баяндамачы – Гайпкулов И.Т., КР БШК мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси)

6. Ар кандай маселелер