КР БШКнын 2024-жылы 7- майында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
07 мая 2024
Өткөрүү датасы: 7 май 2024-ж.
Убактысы: 18-00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. Исаев Жаныбек Базаркуловичти «Ата-Журт Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. А.К. Мусабаевди жана Р.Б. Коконбаевди №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бакытбек Асамидинович Мариповдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Б.Т. Абдразаковду №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Атабек Дюшенович Мазымкановдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Нарын, Каракол, Сузак, Аксы, Алай жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Баткен, Ош жана Кара-Суу округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Мырзакматова Э.Т., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
9. Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Мырзакматова Э.Т., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
10. 2024-жылдын 1-мартындагы Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими, 2024-жылдын 5-апрелиндеги Бишкек шаардык сотунун аныктамасы жана 2024-жылдын 30-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому боюнча
(баяндамачы – Таалайбеков М.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
11. Ар кандай маселелер